Быйыл январь-февраль айларында Кыргызстандын ички дүң продуктусу (ИДП) 111 миллиардга жакын сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6%га көтөрүлгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи 9,6% жогорулады, ал эми кызмат көрсөтүү тармактарында 3,9% өсүү болду.
Эскерте кетсек, Экономика жана коммерция министрлиги өлкөнүн ички дүң өнүмү (ИДП) 2023-жылы 3,9%, 2024-жылы 4%га өсөрүн болжолдогон. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Кыргызстандын экономикасы 2023-жылы 7%, 2024-жылы 7,2%га жогорулай турганын белгилеген.