Лотереялык ишмердүүлүк долбоору боюнча сынактын жеңүүчүсү аныкталды

02.02.2022, 10:12 Акчабар
Лотереялык ишмердүүлүк долбоору боюнча сынактын жеңүүчүсү аныкталды

Лотереялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү максатында «Мамлекеттик лотерея компаниясы» мамлекеттик ишканасы Кыргызстандын «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» мыйзамдын талаптарына ылайык «Кыргызстандагы лотереялык ишмердүүлүк» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун демилгелеген.

МЖӨ долбоору өлкөнүн республикалык бюджетин үзгүлтүксүз жана олуттуу түрдө толуктоо, калктын лотереяга катышууга болгон керектөөлөрүн канааттандыруу жана лотереядан утуп алууга умтулуу максатында Кыргызстанда лотереялык ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө багытталган.

Жогорудагы мыйзамдын талаптарына ылайык, долбоорду ишке ашыруу боюнча сунуш жана бул долбоор боюнча тендердик документтер даярдалып, анын жыйынтыгында 2021-жылдын 8-октябрында жеке өнөктөштү тандоо боюнча тендер жарыяланган.

“2021-жылдын 23-ноябрында конкурстук комиссия квалификациялык тандоонун жыйынтыгы боюнча (сынактын биринчи этабы) “Элбет д.о.о.” жана «Аксел Капитал» компаниялардын консорциумунун арызы боюнча чечим кабыл алды. МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берет деп эсептелет.

2022-жылдын 10-январында «Кыргызстандагы лотереялык ишмердүүлүк» долбоору боюнча конкурстук комиссиянын отуруму болуп өттү, анын жүрүшүндө комиссия конкурстун жеңүүчүсүн тандоого арызы бар конверттерди ачты (2-этабы конкурс). Буга байланыштуу, отурумдун жыйынтыгында тендердик комиссия «Элбет д.о.о.» жана Axel Capital компаниялардын консорциуму деп тендердин жеңүүчүсү деп жарыялоо чечимин кабыл алды”,- деп айтылат маалыматта.

«Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» мыйзамдын 15-беренесине ылайык тендердин жеңүүчүсү менен МЖӨ жөнүндө келишим тендердин жеңүүчүсү жөнүндө маалымат жарыяланган күндөн тартып 20 календардык күндүн ичинде түзүлүүгө тийиш.

Белгилей кетсек, Элбет д.о.о. жана Axel Capital Европанын жана Азиянын көптөгөн өлкөлөрүндө бир жолку лотереялар үчүн программалык камсыздоону иштеп чыгуу, ишке ашыруу, адаптациялоо, интеграциялоо, ишке киргизүү жана техникалык колдоо боюнча кеңири эл аралык тажрыйбага ээ.

Ошол эле учурда, Компаниялар ар кандай социалдык программаларды жана билим берүү мекемелерин активдүү колдошот.

Тэги: Мамлекеттик лотерея компаниясы Axel Capital компаниясы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу