2019-жылы экономиканын ИДПсы 590 млрд. сомду түзүп, макроэкономикалык өсүү 4,5 % жеткен

17.03.2020, 15:30 Акчабар
2019-жылы экономиканын ИДПсы 590 млрд. сомду түзүп, макроэкономикалык өсүү 4,5 % жеткен

Өкмөттүн «БиримдикИшенимЖаратмандык» программасынын алкагындагы иштер 95 пайыздын тегерегинде аткарылган. Бул андан мурдагы жылга салыштырмалуу 4,7 пайызга жогору дегенди билдирет. Ал эми жалпы мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун жалпыланган көрсөткүчү 86,2 пайызды түзүп, 0,7 пайызга көбөйгөн. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде Өкмөттүн 2019-жылдагы иши жөнүндө отчету угулуп, өкмөт өкүлдөрү депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. 

Маалыматка ылайык, 2019-жылы ИДПнын көлөмү 590 млрд. сомду түзүп, макроэкономикалык өсүү 4,5 пайызга жетти. Өлкө экономикасынын бардык тармактарында өсүү байкалып, анын ичинде айыл чарба тармагында 2,6 пайыз, курулуш тармагында 10,6 пайыз, кызмат көрсөтүүлөр боюнча 2,9 өсүш байкалган. «Айыл чарбасын каржылоо-7» мамлекеттик программанын алкагында 10 миңге жакын жеңилдетилген насыя берилип, жалпы суммасы 5,2 млрд. сомду түзгөн.

«Дыйкандарга 824 милллион сомго 341 даана техника лизинг катары берилди. Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү ишканаларына салык 80 %га төмөндөтүлдү. Былтыр 3 чоң соода логистикалык борбору, 7 жашылча жемиш сакталуучу жай, 28 күнөскана, 7 айыл чарба кооперативи, 19 МТС, 8 мал союучу жай ачылды. Курулуш көлөмү 172 млрд. сомду түзүп, республикалык бюджеттен 110 объект каржыланды», - деди Эркин Асрандиев.

Ошондой эле экспорттун жалпы суммасы дээрлик  2 млрд. долларга жакын болуп, өсүү 7%га жеткен. Ал эми импорт 4,9 пайыз көрсөтүп, 7.3 пайызга азайган. Түз инвестициялардын агымы  876 млн. долларга жетип, 2,9 пайызга өскөнүн билдирди.

Мындан тышкары, депутаттар тышкы жана ички карыздарды жөнгө салуу, кен байлыктарды иштетүү, билим берүү, маданият тармагындагы бир топ өкмөттүн ишинин күңгөй-тескейин карап, алдыдагы пландарга карата сунуштарын беришти.  

Депутат Төрөбай Зулпукаров жол тармагын оңдоп-түзөөгө багытталган тендерлерди өткөрүүдө, кредиттерди алууда өлкө кызыкчылыгын коргоону талап кылды.

«Жол тармагындагы алынган кредиттерде эл аралык келишимдерге мүчө болгонбуз. Өзүбүздө өткөн тендерлер биздин сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамдарга баш ийбей жатат. Инвестор бизге насыя акчаны берип жатат дагы  биздин мыйзамдарга талаптарды коюп жатат. Мындайды жойбосок жол тармагындагы коррупция жүрө берет. Насыя биздин моюнубузга илинген соң биздин талаптарды да эске алуусу керек.» -дейт Төрөбай Зулпукаров.

Маалыматка ылайык, өлкө аймагында 1064 китепкана болсо, анын элүүсү Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин балансында. Тармактык министрдин айтымында маданият үйлөрүндө, китепканаларда иштеген кызматкерлердин айлыгы 5-6 миң сомду түзөт. Эл өкүлү Тариел Жоробеков Эмгек кодексинде алар эмгек өргүүсү үчүн төлөнчү акыны жана эки айлык материалдык жардам алууга укугу бар экенин белгиледи. Ошондой эле алардын маянасын көтөрүүнү министрлик аткарбай жатканын сынга алды.

Тэги: макроэкономика ИДП

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу