Максат Усубалиев Экономика министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору болду. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Эске салсак, Усубалиев 2012-2017-жылдар аралыгында туризм департаментинин директорунун орун басары, акыркы эки жылда Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун вице-президенти кызматын аркалаган.