Өлкөдө малды жугуштуу ооруларга каршы эмдөө башталды

27.03.2024, 09:50 Акчабар
Өлкөдө малды жугуштуу ооруларга каршы эмдөө башталды

Ветеринардык кызмат малдын жугуштуу ооруларына каршы шарп, сибирь жарасы, кой-эчкилердин кыргын, күл ылаңдарына каршы вакциналар жана жылкылардын маңка ылаңына каршы эмдөө иштерин баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. 

Аталган вакциналар мамлекет тарабынан бекер камсыздалат, мал ээлери жеке ветеринардык адистин кызмат акысын гана төлөйт. Жеринде эпизоотияга каршы бекитилген пландын негизинде жазгы эмдөө, диагностикалык иш-чаралар жүрүп жатат.

“Мындан сырткары зооноздук ылаңдарга каршы калк арасында агартуучулук иштерди жүргүзүү максатында, медициналык кызматкерлер менен биргеликте мектептерде, бала бакчаларда семинарлар, окутуулар жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта. 

Эске салсак, 2023 – жылдын 12 айында Кыргызстанда ветеринардык-санитардык, профилактикалык, эпизоотияга каршы иш-чаралар жалпы 24 762,9 миң баш малга жүргүзүлдү. Анын ичинен диагностикалык изилдөөлөр (жана башка изилдөөлөр) 1 209,6 миң башка, алдын ала эмдөөлөр 22 955,4 миң башка, дегельминтизация 597,9 миң баш же болбосо 2023-жылга бекитилген план боюнча иштер 100%га аткарылган. 

Тэги: жугуштуу оорулар мал-жандыктар ветеринария эпизотия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу