Суунун тартыштыгы-майнингге гана эмес IT-индустриясына дагы терс таасир этеби?

02.08.2019, 13:47 Акчабар
Суунун тартыштыгы-майнингге гана эмес IT-индустриясына дагы терс таасир этеби?

Июль айында Токтогул суу сактагычында суунун кору былтыркыга караганда 2 млрд кубометрге азайган. Быйыл суунун  агымы  жылдап чогулган  кордун 86% сарптады. Суунун тартылышы   IT-бизнеске кандай таасир этери тууралуу «Акчабарга» Жогорку  технология паркынын директору (ПВТ) Алтынбек Исмаилов айтып берди.

Улуттук энергохолдинг  учурда энергокомпания  экономдуу режимге которулганын жарыялап, 28 майнинг-фермаларды электр энергиядан  ажыраткан.

Бирок,  кургакчылык бир гана майнингге тоскоолдук жаратпай, Кыргызтанда  IT-индустриясына дагы терс таасир этмекчи. 2019-жылдын жарым жылында  Жогорку технологиялар паркы ПВТ  (IT-копания) чет элге  90% кызматын экспорттоп,  андан 448 млн сом киреше тапкан.

 Алтынбек Исмаиловдун айтымында  интернеттеги интеллектуалдык эмгек  сырттагы  партнерлор менен  карым-катнаш жасап тууруга анда электр энергиясы мааниге ээ.

«Биздин айти-адистери кандайдыр бир буйрукту аткарууга келишим жасады дейли. Ар дайым кардар байкоого алып турат. Иш процесси кандай этапта, кандай аткарылууда деп он-лайн карап турушат. А эгер алар аны байкоого ала албаса, анда биздин репутацияга доо кетет. Бул биздин тармакка терс таасирин тийгизмекчи», — деп билдирди эксперт.

Ушундай кырдаалга Индия туш болгон. Анда электр энергиясы маал маалы менен иштебей калганда интернеттеги  буйрутмаларды башка  мамлекеттерге которуу чечими кабыл алынган.

«Эгерде электр энергиясы жок болсо, анда айти-адистери  $30-50  000 бир суткада жоготору эсептелген», — деп билдирди Жогорку технологиялар паркынын директору.

«Акчабардын» эсеби боюнча  IT-компаниялар суткасына  3.7 млн сом жоготуп, беш сутка же бир апта иш жумалыгында – 18.7 млн сом чыгаша тартышат. 

 Исмаиловдун айтымында интернет жоктун айынан экономика канча чыгаша тартары тууралуу рейтинг жасалган. Кыргызстанда чыгаша зор болушу ыктымаал. 

«Интернет менен иштеген айти-адистерине бул абдан мааниге ээ», — деп белгиледи ал.

Тэги: IT-компании IT-индустрия маловодье майнинг-фермы майнинг Кыргызстан электроэнергия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу