Мамлекеттик карыз: Ар бир жаранга 697 $ туура келет

12.12.2019, 11:30 Акчабар
Мамлекеттик карыз: Ар бир жаранга 697 $ туура келет

Финансы министрлиги берген маалыматка ылайык, 2019-жылдын 31- октябрындагы жыйынтык менен, ички жана тышкы карыздын көлөмү 4 млрд 530,78 миллион долларды (316 миллиард 279,22 миллион сомду) түзгөн. Муну менен катар 3 миллиард 793,59 миллион доллар (264 миллиард 818,24 миллион сом) – тышкы, 737,19 миллион доллар (51 миллиард 460,98 миллион сом) – ички карыз.

Бир ай ичинде мамлекеттик карыздын көлөмү 27,28 миллион долларга өскөн. Муну менен катар тышкы карыз 21,4 миллион долларга, ички карыз – 5,88 миллион долларга көбөйгөн.

Бересенин көпчүлүк бөлүгүн Кыргызстан Кытай экспорт-импорт банкына  - 1 миллиард 712,23 миллион доллар карыз (республикалык тышкы карыздын ичинен 45,1 пайызды түзөт). Бир ай ичинде көрсөткүч 1,27 миллион долларга өскөн.

2019-жылдын октябрь айындагы жыйынтык менен мамлекеттик карыз ИДПнын 52,7 пайызын түзгөн.

Улуттук статистика берген маалыматка ылайык, 2019-жылдын 1-октябрындагы жыйынтык менен өлкөдө 6,5 миллион жаран жашайт. Кыргызстандыктардын орточо эмгек акысы – 16 миң 411 сомду түзөт. Ошондо мамлекеттин карызын жабууга ар бир кыргызстандыктын үч айлык эмгек акысы керектелет.


 

Тэги: мам.карыз эмгек акы кыргызстандык Кытай

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу