Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ижарачыны акы төлөөдөн бошотту. Бул тууралуу фонддун сайтында маалымдалат.
Жалпысынан 33 млн 923 миң карыз кечирилген. Анын ичинен Оштогу «Эврика» бала бакчасы 1 млн 285 миң сом карызынан бошотулду.
Эске сала кетсек, аталган фондко жакында эле мурунку вице-спикер Мирлан Бакиров жетекчи болуп дайындалган.