Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын базасында “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы ачылды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Дарыканада эң керектүү дарылардын тизмесине кирген 800дөн ашык дары-дармектердин түрү сунушталып, калк аларды өлкөдөгү жеке дарыканаларга караганда 10-15% арзан сатып ала алат.
Учурда республика боюнча мамлекеттик дарыканаларды ачуу боюнча иштер жүрүп жатат. Алгач 46 мамлекеттик аптека ачуу пландаштырылууда, кийин дарыканаларда дары-дармектерди эки миңге чейин көбөйтүү пландалууда.