Мамлекеттик ипотеканын баштапкы төлөмүн 30%га чейин көтөрүү сунушталууда

22.11.2022, 13:32 Акчабар
Мамлекеттик ипотеканын баштапкы төлөмүн 30%га чейин көтөрүү сунушталууда

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын программалары боюнча үй сатып алууда алгачкы төлөмдүн өлчөмүн 10%дан 30%га чейин жогорулатуу сунушталууда. Бул сунуш программага катышуучулардын негизги саны менен байланыштуу болмокчу. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды. 

Демилгени Экономика жана соода министрлиги “Менин үйүм 2021-2026” программасынын каржылык булагын натыйжалуу пайдалануу максатында иштеп чыкты. Мыйзам долбоору кабыл алынса, ал 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Документте “Жеңилдетилген турак жай” жана “Жеткиликтүү турак жай” деген эки программанын алкагында алгачкы төлөмдүн көлөмүн 10%дан 30%га чейин жогорулатуу каралууда. 

Биринчи программага мамлекеттик кызматта иштеген кызматкерлер катыша алат. Алар үчүн пайыздык чендер жылына 6-8% болот. Насыяны 25 жылга чейин төлөөгө болот.
Экинчи программага бардык жарандар, анын ичинде жеке уюмдардын кызматкерлери катыша алат. Алар үчүн пайыздык чендер жылына 10-12% болот. Ипотекалык насыяны төлөө мөөнөтү 25 жылга созулат.

“Социалдык турак жай” программасына ылайык, төмөндөгү катышуучуларга артыкчылык берилет: 

• көп жылдык иш тажрыйбасы бар мамлекеттик кызматкерлер;
• көп балалуу үй-бүлөлөр;
• ден- соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар же алардын камкорчулары;
• жашы жете элек балалуу, ата-энесинин бирөөсү тарабынан тарбияланган толук эмес үй-бүлө;
• айыл жериндеги жаш адистер.

Алар үчүн шарттар мурдагыдай эле баштапкы төлөмдүн көлөмү 10% деңгээлинде сакталып, жылдык 4% пайыздык ченди түзөт. Карызды төлөө мөөнөтү 25 жылга эсептелген. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу