2017-2020-жылдардагы иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик кайра аттестациялоодон өткөн Кыргызстандын үрөнчүлүк чарбаларынын, Айыл чарба министрлигинин мамлекеттик сорт сыноо станцияларынын жана мамлекеттик сорт сыноо участокторунун тизмеси бекитилди. Бул туураалуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Аталган чечим республиканын айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогорку сапаттагы сертификатталган үрөндөрү менен камсыздоодо үрөнчүлүк чарбалардын, мамлекеттик сорт сыноо станцияларынын жана мамлекеттик сорт сыноо участокторунун ролун күчөтүү максатында кабыл алынган.