Мамлекеттик кызматкер пара алып жаткан жеринен кармалды (видео)

10.10.2019, 16:19 Акчабар
Мамлекеттик кызматкер пара алып жаткан жеринен кармалды (видео)

ИИМ мамлекеттик кызматкердин пара алып жаткан жеринен кармады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет. 

2019 – жылдын сентябрь айдын аягында Ош шаарынын жашоочусу ИИМге мамлекеттик кызматкердин пара талап кылып жаткандыгы тууралуу арыз менен кайрылган. 

Мамлекеттик курулуш кызматы астындагы Мамлекеттик шаар куруу жана архитектура долборлоо институтунун кызматкери өндүрүштүк имаратка уруксат кагазын берүү үчүн 10 миң сом өлчөмүндөгү акча талап кылган. 

Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. 

Учурда Ош ш. ИИМдин тергөө кызматы 238 – беренеге ылайык, сотко чейинки тергөө иштерин жүргүзүп жатат. 

 

Тэги: мамлекеттиккызматкер Пара аткаминер ИИМ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу