УКМК: Марат Аманкулов 50 млн сом өлчөмүндөгү келтирген зыяндын ордун толтурду

01.04.2021, 15:32 Акчабар
УКМК: Марат Аманкулов 50 млн сом өлчөмүндөгү келтирген зыяндын ордун толтурду

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Марат Аманкулов 50 млн сом өлчөмүндөгү келтирген зыяндын ордун толтурду. Бул тууралуу УКМК билдирди.

 

Маалыматка ылайык, Аманкулов 50 млн сом өлчөмүндөгү зыянды УКМКнын депозиттик эсебине которгон. Ал эми калган бөлүгүн келтирилген зыяндын көлөмү так аныкталгандан кийин этап-этабы менен төлөй тургандыгын билдирген. 

Эскерте кетсек, Марат Аманкулов кызмат ээлик кылган учурда мыйзамсыз баюу, ошондой эле тиешелүү салык төлөмдөрүн төлөбөй коюуга шектелген.

Аманкуловдун жакын туугандары жана башка адамдар тарабынан кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү алышкандыгы жана алардын жалпы баасы расмий кирешелеринен бир нече эсе ашыкча экендиги аныкталган.

Кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн белгилерин жашыруу максатында активдерин кирешелери расмий тастыкталбаган жакын туугандарына каттаткан. Мүлктү легалдаштыруу максатында банк мекемелеринде кредиттик насыя алуу жолу менен активдерди жакын туугандарына каттаганы аныкталган.

Ал 2008-2020-жылдар аралыгында Бишкек шаардык кеңешиндеги жана Жогорку Кеңешиндеги саясий таасирин колдонуу менен активдерин кыйла көбөйткөндүгү болжолдонууда.

Эскерте кетсек, Марат Аманкулов Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыратылган. 


 

 

Тэги: Марат Аманкулов Депутат ЖК коррупция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу