Жол кире акысы жогорулайт

19.01.2021, 16:40 Акчабар
Жол кире акысы жогорулайт

Маршрутканын айдоочулары жол киренин акысын жогорулатуунун зарылчылыгын мэрияга далилдей алышты. Жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу мэрдин м.а. Балбак Түлөбаев билдирди. 

 

Анын айтымында, айдоочулар шаардыктарды таза, бузулбаган маршруткада ташыгылары келет. Бирок, бул үчүн аларда дайыма эле каражат жетише бербейт. 

«Мен маршруттук таксилерге чара көрө алам, күчкө сала алам. Бирок, эртең 1 500 кичи автобус чыкпаса шаарда башаламандык болот. Ачыгын айтканда, элди ташый албайм. 100 автобус жана 150 троллейбус менен кантип элди ташыйм? Тескерисинче, маршруттук таксилерге ыраазычылык билдирүү керек – 7 жыл бою тарифти көтөрүшкөн жок. Алар да түшүнгүлө деп өтүнүштү: алар үй-бүлөсүн багышы керек, бирок баалар көтөрүлүп кетти», — деди мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев.

 

Пенсионер жана окуучулар үчүн тарифтин баасы 8 сом болот. Андан сырткары, Түлөбаев кошумчалап кеткендей, бул маселе май айында жаңы шайланган депутаттар менен бирге чечилет. 

 

 

Тэги: мэрия Бишкека маршрутки

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу