Медициналык камсыздандыруу полисинин баасы көтөрүлдү

30.01.2024, 17:45 Акчабар
Медициналык камсыздандыруу полисинин баасы көтөрүлдү

1-февралдан тарта Кыргызстандын жарандары үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруунун баасы көтөрүлөт. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти. 

Ага ылайык, өлкө жарандарына, Кыргызстанда мыйзамдуу жашаган ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкүлдөрүнө, качкындарга, башпаанек издегендерге жана кайрылмандар үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси бир жылга 1 миң 840 сомду (мурда 1 миң 722 сом болгон) түзөт.

Ошондой эле, полис чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар үчүн жарым жылга 5 миң 955 сом (8 196 сом болгон), бир жылга 11 миң 910 сом (16 391 сом болгон) болот. 

Ал эми Кыргызстандын билим берүү уюмдарында окуган чет өлкөлүк жарандар полисти бир жылга 11 миң 910 сомго сатып алат. 

 

Тэги: милдеттүү камсыздандыруу полис

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу