Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду июль айындагы медиктердин компенсациялык төлөмдөрү боюнча маалымат берди.
Июлда төлөнгөн компенсациялык төлөмдөрдүн жалпы суммасы - 396 миллион 60 миң сомду түздү.
ММК фонду тарабынан коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө тартылган саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлерине берилген компенсациялык төлөмдөр облустар боюнча төмөндөгүдөй:
Бишкек – 3469 медкызматкерге 103 млн 5835 миң сом төлөнгөн;
Талас облусу - 11 саламаттык сактоо мекемесинин 889 кызматкерлерине 15 млн 274 сом төлөнгөн;
Ош шаары жана Ош облусу - 31 медкызматкерге 72 млн 451 миң 881 сом төлөнгөн;
Нарын облусу – 12 саламаттык сактоо мекемесинин кызматкерлерине 20 млн сом төлөнүп берилген;
Ысык-Көл облусу – 28 саламаттык сактоо мекемесинин кызматкерлерине 36 млн 505 миң 397 сом төлөнгөн;
Баткен облусу – 16 саламаттык сактоо мекемесинин кызматкерлерине 15 млн 496 миң сом төлөнгөн;
Чүй облусу - 24 саламаттык сактоо мекемесинин кызматкерлерине 38 млн 915 миң 700 сом төлөнгөн;
Жалал-Абад облусу - 31 саламаттык сактоо мекемесинин кызматкерлерине 36 млн 080 миң сом төлөнгөн.