MEGA24 тиркемесинде «Өлбөс полк» онлайн-жүрүшү

07.05.2021, 15:14 Акчабар
MEGA24 тиркемесинде «Өлбөс полк» онлайн-жүрүшү

2021-жылы Улуу Жеңиштин 76 жылдыгы белгиленет. Биз кыргызстандыктарды «Өлбөс полк» онлайн-жүрүшүнө чакырабыз, сиздерге MEGA24 тиркемеси жардамга келет.

MegaCom абоненттери тарыхта түбөлүккө калган баатырлар, алардын үй-бүлөсү жана эрдиктери жөнүндө айтып бере алышат. Жүрүш Жеңиш күнүндө өтүп, «5-Канал», «НТС», жана «ЭлТР» телеканалдарында түз эфирде көрсөтүлөт.

Виртуалдык жүрүшкө катышуу үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:

  • Google Play же App Store’дон MEGA24 тиркемесин жүктөө;
  • «МегаПортал» бөлүмүнө кирүү;
  • «Өлбөс полк» баннерин басуу;
  • нускама менен таанышуу.

Форманы толтуруу үчүн төмөнкүлөрдү аткарыңыз:

  • Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун сүрөтүн тиркеңиз;
  • анын аты-жөнүн жана туулган жылын жазыңыз.

Биз каарман аталарыбыздын эрдиктерин эч качан унутпайбыз. Сиздерге терең таазим!

Тэги: Мегаком Өлбөс полк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу