MegaCom 4G түйүнүнүн камтуу аймагын кеңейтип, кубаттуулугун жогорулатууну улантып келет

18.06.2020, 11:45 Акчабар
MegaCom 4G түйүнүнүн камтуу аймагын кеңейтип, кубаттуулугун жогорулатууну улантып келет

MegaCom компаниясы Кыргызстандын жалпы аймагы боюнча түйүндүн камтуу аймагын кеңейтип, байланыштын сапатын жакшыртуу боюнча пландалган иштерин аткарууда.

 

2020-жылдын май айында жүргүзүлгөн техникалык иштер Баткен, Жалал-Абад, Ош, Чүй облустарында жана республиканын борборунда байланыштын сапатын жакшыртып жана 2G/3G/4G түйүндөрүнүн өткөргүч касиетин жогорулатты.

Тактап айтканда, жабдыктарды модернизациялоо иштери төмөнкү калктуу пункттарда ишке ашырылды:

•Бишкек шаарында;

•Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жана Үч-Коргон айылында;

•Ош облусунун 15 Жаш, Арал, Кара-Дөбө, Отуз-Адыр, Фрунзе айылдарында, Ноокат жана Ош шаарларында;

•Чүй облусунун Гавриловка, Петропавловка, Юрьевка айылдарында, ошондой эле Шопоков шаарында.

Кошумча жабдуу ишке киргизилгенден кийин 4G түйүнү жана жогорку ылдамдыктагы Интернети Чүй облусунун Кызыл-Арык жана Сын-Таш айылдарында жашаган MegaCom абоненттерине жеткиликтүү болуп калды.

Жакын жерде станциялардын сигналдарынын деңгээли, 2G, 3G түйүндөрүнүн жана жогорку ылдамдыктагы 4G түйүнүнүн камтуу аймактары тууралуу маалыматты Интерактивдүү картанын жардамы менен билип турууга болот.

 

Тэги: MegaCom 4G түйүнү интернет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу