MegaCom Ош шаарында өткөрүлө турган салтка айланган веложүрүшкө чакырат

06.04.2021, 16:30 Акчабар
MegaCom Ош шаарында өткөрүлө турган салтка айланган веложүрүшкө чакырат

MegaCom компаниясы Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен түштүк борборубузда веложүрүш өткөрөт. Спорт сүйүүчүлөрүн, жана да активдүү жашоо образын адатка айландырып алган түштүк калаабыздын тургундарын жана конокторун бейшемби күнү, 8-апрелде боло турган иш-чарага чакырабыз.

 

Веложүрүштүн алкагында катышуучулар MegaCom желегинин алдында шаардын борбордук көчөлөрү менен өтүшөт.

Керектүү санитардык нормаларды сактоо менен өтө турган масштабдуу спорттук фестивалга каалоочулардын баары катыша алат. Велосипед, жакшы маанай жана жол эрежелерин билүү гана жетиштүү!

Велосипеддерди көрсөтүлгөн номерлер аркылуу ээлеп коюуга болот: 0550 050536, 0559 121273.

Чогулуу: саат 15:00дө, Ош шаарынын борбордук аянтында.

MegaCom - спорт жана сергек жашоо үчүн!

 

Тэги: MegaCom компаниясы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу