Мектеп окуучулары 8-апрелден тарта дистанттык түрдө окууну башташат. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Белгиленгендей, окуу материалдары үч телеканал аркылуу көрсөтүлүп турат:
— 1-4 класстарга чейин ЭЛТР жана «Баластан» телеканалдары аркылуу;
— министрликтин учурда иштелдип жаткан жаңы окуу программасы;
— «Мега 24» тиркемеси аркылуу.
MegaCom ар бир мугалим жана окуучуларга сим-карта берүүнү пландаштырып жатат. Учурда сим-карталарды жеткирүу маселеси каралып жатат. Бул сим-карталар аркылуу тиркемеге катталып, баланста эч кандай бирдик жок болсо деле окуй берсе болот.