Мелис Тургунбаев «Кыргызмунайгаз» ААКсынын башкы башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды.
Мындай чечим директорлор кеңешинин 20-ноябрь күнү өткөн отурумунда кабыл алынган.
Буга чейин Тургунбаев «Кыргызмунайгаздын» директорлор кеңешинин төрагасы болуп иштеп келген. 2013-2017-жылдар арасына директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.