Финансылык көзөмөл мекемеси Министрлер кабинетинин "Банктык эмес финансы рыногу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун ломбарддар тарабынан аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымдайт.
Документке ылайык, 2023-жылдын 1-январынан тарта күрөөканалардын уставдык капиталы 2 миллион сомдон кем эмес болушу керек.
Ушул жылдын 5-апрелине карата Кыргызстанда 417 ломбард катталса, анын ичинен 175 күрөөкана уставдык капиталын министрлер кабинетинин токтомунун талабына ылайык келтирген.