«Ак-Кула» ипподрому Бишкек мэриясынын балансына кайтарылып алынды

07.09.2020, 14:55 Акчабар
«Ак-Кула» ипподрому Бишкек мэриясынын балансына кайтарылып алынды

Бишкек мэриясы узакка созулган соттук териштирүүлөрдөн кийин, жалпы аянты 54,9431 гектарды түзгөн «Ак-Кула» ипподромун шаардын балансына кайтарып алды.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, кайсы бир убакытта жалпы аянты 57,4 га ипподром жаңы идентификациялык коддорду ыйгаруу менен 39 көзкарандысыз кыймылсыз мүлк бирдигине бөлүнгөн.

 

 

«Мыйзамсыз менчиктештирип алууга байланыштуу Ленин районунун прокуратурасы жеке менчик укуктары жөнүндө мэриянын токтомдорун жана мамлекеттик актыларды жараксыз деп табуу жөнүндө 33 доо арызын сот органдарына берген», - деп айтылат маалыматта.

 

Шаардык бийликтен белгилешкендей, бүгүнкү күнгө карата «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаарындагы филиалынын кызматкерлери менен биргеликте жер тилкелеринин чек араларын аныктоо жана имаратты техникалык инвентаризациялоо боюнча иштер жүргүзүлдү.

«Өлчөөнүн жыйынтыгы боюнча кыймылсыз мүлк объектине мамлекеттик акт жана техникалык паспорт алынат», - деп кошумчалашты мэриядан. 

 

Белгилүү болгондой, калган жер тилкелери боюнча соттук иликтөөлөр жүргүзүлүүдө.

 

 

 

Тэги: мэрия ипподром тендер Бишкек

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу