Коммерциялык банктар 27-июнда банктар аралык валюта соодасында 1,2 миллион доллар сатып алышканын Улуттук банк билдирди.
Соодалар доллардын курсунун 0,15 сомго - 87,15 сом деңгээлинде төмөндөшү менен ачылды. Ошол эле учурда сатуунун акырына карата америкалык валюта 1 доллар 87,25 сомго чейин көтөрүлгөн. Ошентип, соодалар АКШ долларынын наркынын 0,1%га өсүшү менен аяктаган. Бирок мурунку күнгө карата көрсөткүч 0,1% га төмөндөгөн.