Кыргызстандын дүң эл аралык резерви августтун аягында 2 миллиард 537,2 миллион долларды түздү, деп билдирди Улуттук банк.
Сумма бир айда 8 миллион 70 миң долларга өстү. Бирок, жыл башынан бери карай турган болсок, январдан тарта көлөм 212,8 миллион долларга азайган.
Белгилеп кетсек, өлкөнүн резервдери 2021-жылдын сентябрь айында эң жогорку чегине жетип, рекорддук көрсөткүч 3 миллиард 241,1 миллион доллар деп бааланган. Андан кийин запастардын акырындык менен азайышы байкалган. Кээ бир айларда алардын өсүшү катталгандыгына карабастан, жалпы төмөндөө тенденциясын токтотуу үчүн өтө эле аз болгон.