Кыргызстандын эл аралык дүң резерви июль айынын аягында 2 миллиард 529,14 миллион долларды түздү, деп билдирди Улуттук банк.
Ай ичинде сумма 89,7 миллион долларга көбөйгөн. Бирок жылдык мезгилди карай турган болсок, 2022-жылдын июль айындагы өсүшкө карабастан, запастар 19,34 миллион долларга азайган.
Белгилеп кетсек, өлкөнүн резервдери 2021-жылдын сентябрь айында эң жогорку чегине жетип, рекорддук көрсөткүч 3 миллиард 241,14 миллион долларга бааланган, андан кийин запастардын акырындык менен азайышы байкалган.