Баткен облустук курулуш жана инженердин инфраструктура башкармалыгы, Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагы ипотекалык үйлөрдү куруу боюнча үч тараптуу келишимге кол коюшту. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, 20 турак үй Баткен районун Ак-Сай айыл аймагынын Таш-Дөбө тилкесине курулат.
“Ушундай эле 29 үй Лейлек районунун Кулунду айыл аймагына да курулат. Мамлекеттик ипотека 25 жылга 4% менен берилет. Бул үйлөрдү турак жайсыз муктаж жарандар ала алат”, - деп айтылат маалыматта.
Учурда документтештирүү иштери жүрүүдө.
Күз айларында курулушту баштоо, 2024-жылга үйлөрдү пайдаланууга берүү пландалууда.