МИК эки багыт боюнча ипотекалык кредит берүүнү улантат

21.02.2022, 13:20 Акчабар
МИК эки багыт боюнча ипотекалык кредит берүүнү улантат

Бүгүн, 21-февралынан тартып Мамлекеттик ипотекалык компания өнөктөш-банктар аркылуу “Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагында “Жеңилдетилген ипотека” жана “Арзан ипотека” багыттары боюнча ипотекалык кредиттерди каржылоону жана берүүнү улантат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.

Маалым болгондой, бекитилген турак жай программасынын бардык катышуучулары, “РСК Банк” ААК, “Айыл Банк” ААК жана “Бакай Банк” ААК филиалдарына кайрылса болот.

“Эгерде сиз “МИК тарабынан жактырылды” деген статусун алган болсоңуз, банк сизге “Банктын кароосунда” деген статусун коет, мында статустун белгиленген күнү жана убактысы электрондук порталга жазылат, кошумча SMS–билдирүү жөнөтүлөт.  Андан ары “МИК” ААКун электрондук порталы ипотекалык кредиттерди каржылоого арыздардын кезегин автоматтык түрдө белгилейт”,- деп билдиришти МИКтен.

Документтерди толук чогултуу жана турак жайды издөө үчүн сизге кошумча "Турак-жай издөөгө жана Банкка документтерди тапшырууга сизге 20 күн берилет" деген SMS–билдирүү келген учурдан баштап 20 календардык күндөн ашык эмес убакыт берилет. Эгерде, сиз белгиленген мөөнөттө керектүү документтерди чогултууга жана турак жай табууга үлгүрбөсөңүз, учурдагы каржылык ресурстардын чектелгенин эске алуу менен арызыңыздын статусу өзгөрүлөт. Бул учурда сиз банкка кайрадан кайрылууңуз керек.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу