Министрлер кабинети Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын акционеринин ыйгарым укуктарын Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берди. Токтомго 10-майда өкмөт башчы Акылбек Жапаров кол койгон.
Акциялары санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүп берилген компаниялардын тизмесине "Кыргызтелеком" ААК, "Евразия сактык банкы" ААК, "Альфа Телеком" ЖАК, "ТНК Дастан" ААК кирди.
Кол коюлган документке ылайык, Санариптик өнүктүрүү министрлиги акцияларды башкаруу ыйгарым укуктарынан тышкары, аларды мамлекеттин атынан башкаруу органдарына шайлоо үчүн талапкерлер боюнча сунуш киргизе алат.