Экономика министрлиги аялдардын ишкердигине 50 млн сом бөлүүнү сунуштады

21.10.2022, 11:43 Акчабар
Экономика министрлиги аялдардын ишкердигине 50 млн сом бөлүүнү сунуштады

Экономика жана соода министрлиги 2023-2026-жылдаргаөлкөдө аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасынын алкагында келерки жылдын бюджетине 50 миллион сом бөлүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу тегерек столдо саясат жана ишкердикти өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Нурбек Үмөталиев билдирди.

Ал “Акчабарга” билдиргендей, бул акчаны ошол эле “Бир айыл – бир продукт” долбооруна жумшаса болот, анын катышуучуларынын 70%ы аялдар.

“2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча Министрлер кабинетинин программасын ишке ашыруу үчүн айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Тактап айтканда, аялдардын ишкердиги деген түшүнүктү мыйзамдарга киргизүү керек”, - деди Нурбек Үмөталиев.

Мындан тышкары, аялдарды ишкердикке үйрөтүү боюнча программаларды иштеп чыгуу зарылдыгы айтылды.

Тэги: новости Кыргызстана женское предпринимательство Минэконом

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу