Кумар оюндарына лицензия берүүнүн баасы жарыяланды

28.07.2022, 11:22 Акчабар
Кумар оюндарына лицензия берүүнүн баасы жарыяланды

Кыргызстандын Экономика жана соода министрлиги "Оюн-зоок ишине лицензия берүү үчүн акы төлөөнү белгилөө жөнүндө" министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Ведомство кумар оюндарынын түрлөрү үчүн төмөнкү тарифтерди белгилөөнү сунуштайт:

  • республикалык маанидеги шаарлардагы казинолор, онлайн казинолор, электрондук (виртуалдык) казинолор үчүн - 84 млн сом;
  • Кыргыз Республикасынын Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы казинолор, онлайн казинолор, электрондук (виртуалдык) казинолор үчүн - 42 млн сом;
  • Баткен, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарына - 25.2 млн сом;
  • оюн автоматтарынын залдары үчүн - 42 млн сом;
  • букмекердик дүкөндөр жана лотереялар үчүн - 10.5 млн сом.

Белгиленгендей, сунуш расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

Тэги: казино лицензии

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу