Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуулар жөнөкөй болот

25.03.2019, 09:17 Акчабар
Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуулар  жөнөкөй болот

Мамлекеттик сатып алуулар департаменти тендер өткөрүү  шарттарын жөнөкөйлөштүрүп, жергиликтүү товар өндүрүүчүлөрдү колдойт.  Бул үчүн  мамлекеттик сатып алууда жаңы инструмент –электрондук каталог киргизилет.

Бүгүн Финансы министрлиги  коомчулуктын калың катмарына товарлар менен кызматтардын  электрондук каталогун сунуштайт. Бул система кантип иштейт жана сатып алуулар канчалык  жеңил болгону  тууралуу  «Акчабарга» мамлекеттик сатып алуулар боюнча долбоордун консультанты  Манас Жакшыбаев айтып берди.

«Учурда баардык мамлекеттик мекемелер мамлекеттик сатып алуулар аркылуу кызматтар менен товарларды алышат. Бирок, баардык учурда алар издеген товар менен кызматтарды таба алышпайт. Мындан тышкары башка проблема бар: тандап алууда кызмат же товардын арзанына артыкчылык берилет да, анын техникалык функциясы үстүртөн каралат. Мисал келтирсем алар мүнөздөмөгө: оригинал деп жазып  ал сапаттуу деп кабыл алынып, ага деталдуу түшүндүрмө жазылбайт» – деп түшүндүрдү эксперт.

Жогорудагы система сапаттуу товар же кызматты тандап алуу мүмкүн эмес. Ошондуктан, жаңы технологияларды киргизүү зарылдыгы бар. 

«Сатып алуулардын каталогунда  керектүү  товар менен  кызматтарды интернет-дүкөндөн сатып алса болот. Каталогдун администрациясы  товарга мүнөздөмө берет. Мындан тышкары «ГОСТ» деген  мамлекеттик стандартка ылайык сапатсыз товардан арылса болот. Айтмакчы, каталогго тастыкталган товарлар менен кызматтар гана реестрге кирет»– деп белгиледи Жакшыбаев.

Электрондук каталог аркылуу  сатып алуулар түз жасалып, убакыт менен каражаттарды үнөмдөөгө  болот. 

«Электрондук каталогду иштеп чыгууда эл аралык тажрыйбаны эске алдык. Мындай мамлекеттик сатып алуулар   Корея, Кипр, Италия, Индия башка өлкөлөр дагы колдонушат. Мындан тышкары портал  атамекендик товарлардын реестрин сунуштайт. Кийин Кыргызстандын Экономика Министри  аны жергиликтүү товарларды ЕАЭБ  жана чет мамлекеттерге  экспортто үчүн активдүү колдоно алат» –  деп айтты эксперт.

Каталогдо жергиликтүү  гана эмес,  чет элдик компаниялардын товары дагы коюлат. Эң башкысы алар мамстандартка ылайык боулшу зарыл. Бирок, чет элдиктерге караганда,  жергиликтүү  компанияларга артыкчылык берилет. 

«Мамлекеттик сатып алууларда жергиликтүү компанияларга жеңилдиктер каралган. Аны колдонуу үчүн өндүрүүчү «атамекендик» деген бөлуктү белгилеп коюуга тийиш. Бул мыйзамдуу. Түз келишим түзүүдө жеңилдетүу каралган эмес. Тендерде гана артыкчылык берет» – деп билдирди Жакшыбаев.

Апрелдин ортосунда электрондук каталог тестик режимде ишке кирет. Учурда «Электронндук каталоге» министрлик жана ведмстволордо  макулдашылып жатат.

«Эгерде ойдогудай  болсо, анда ушул жылдын  июле-августе айларында толук ишке кириши күтүлүүдө. Азырынча,  иш аракеттер жүрүүдө» – деп жыйынтыктады мамлекеттик сатып алуулар боюнча долбоордун консультанты.

Тэги: госзакупки электронный каталог

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу