Бүгүн, 14-февралда 12 ай болгон мамлекеттик казына векселдерин кошумча жайгаштыруунун жыйынтыгында бюджетке 50 млн сом түштү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Баалуу кагаздардын нускасынын баасы 91,7 сом, векселдердин кирешелүүлүгү 8,95% өлчөмүндө белгиленген. 20-январда өткөрүлгөн аукционго салыштырмалуу 0,47 пайыздык пунктка өскөн.
Кошумчалай кетсек, 11-февралга карата Кыргызстандын векселдер линиясы боюнча милдеттенмелери 923 млн 917 миң сомго бааланып, жыл ичинде алар 83,6%га өскөн.