Каржы министрлиги Жогорку Кеңештин чыгымын эки эсе кыскартты

31.07.2023, 11:20 Акчабар
Каржы министрлиги Жогорку Кеңештин чыгымын эки эсе кыскартты

Каржы министрлиги июль айында Жогорку Кеңешти кармоого кеткен чыгымдарды кескин кыскартты. Мындай корутундуну мекеменин кассалык планынын маалыматтарынын негизинде жасоого болот.

Июль айынын планы боюнча бюджетте парламентке 69 миллион 228,3 миң сом каралган. Салыштыруу үчүн, июнь айында ЖКга жалпысынан 129 миллион 309,7 миң сом түшүшү керек болчу. Анын ичинен 74,8 миллион сому адегенде берилсе, андан кийин дагы 54,5 миллион сому кассалык пландын тиркемесинде көрсөтүлгөндөй, Жогорку Кеңешке кошумча бөлүнүшү керек болчу. Демек, бул айда парламентке июнь айына караганда 1,9 эсе аз каражат түшүшү керек.

Белгилеп кетсек, бул суммалардын баары пландалган, Жогорку Кеңешке иш жүзүндө канча каражат түшкөнү кийинчерээк, ведомстволук классификация боюнча бюджеттин аткарылышы жарыяланганда билинет.

Тэги: новости Кыргызстана Жогорку Кенеш деньги расходы бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу