Финансы министрлиги 2021-жылдын сентябрына карата мамлекеттик казына векселдеринин жана мамлекеттик кыска мөөнөттүү облигациялардын алдын ала көлөмүн жарыялады, деп билдирди улуттук банк.
Мамлекеттик казына облигацияларынын эсебинен жалпысынан 1 миллиард 320 миллион сом тартылат. Ошол эле учурда каржы министрлиги мамлекеттик векселдерди сатуу аркылуу 240 миллион сом тартууну көздөп жатат.