Жалал-Абад облусу боюнча быйылкы беш айда республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары 401,4 млн сом акча бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Бюджеттер аралык трансферттер:
- Теңдөөчү трансферт-229,4 млн сом;
- Ыйгарым укуктарды берүүгө-21,9 млн сом;
- Электрэнергиясына болгон 50% компенсациясына-12,6 млн сом;
- Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү боюнча Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы №41-т тескемесин аткарууга-117,5 млн сом;
- Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы №21-р тескемесинин 1-пунктунун негизинде, Майлуу-Суу шаарынын тургундарын жылуулук менен камсыз кылуу үчүн (жылытууга)-20,0 млн сом каржыланды.
Тэги: Джалал-Абад Джалал-Абадская область