Каржы министрлиги социалдык объектилерди курууга 2 млрд сом бөлмөй болду

28.05.2021, 10:10 Акчабар
Каржы министрлиги социалдык объектилерди курууга 2 млрд сом бөлмөй болду

Экономика жана финансы министрлиги социалдык объектилердин курулушуна 1 млрд 852 млн 200 миң сом өлчөмүндө каржылоону камсыз кылат, анын 763,1 млн сомуна каржылоо башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтарга ылайык, 174 социалдык объектилерге каражат каралган. Анын ичинен 63 мектеп жана спорт зал, 13 бала бакча, 7 саламаттыкты сактоо мекемеси, 3 маданий объект болуп жалпысынан 90дон ашык имараттын курулушу башталды. 

Аймактар ​​боюнча алганда 92 объекттин ичинен 11и Чүй облусунда, 12си Баткен облусунда, 15и Жалал-Абад облусунда, 14ү Ысык-Көл облусунда, 7си Нарын облусунда, 28и Ош облусунда жана Талас облусунда 5 объект курулуп жатат.

 

Тэги: строительство Госстрой деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу