Саламаттык сактоо министрлиги жаңы салынып жаткан үч ооруканага жана профилдерин өзгөрткөн 8 ооруканага 61 позициядан турган медициналык жабдык алуу үчүн, жалпы суммасы 68 879 686 сомду түзгөн келишим түзүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Сабиржан абдикаримов билдирди.
Негизги жабдыктар катары: бардык ооруканаларга эки (121 комплект) жана үч функционалдуу (765 комплект) керебеттер, жалпы 886 комплект болуп эсептелет. Бул комплектке: матрац, керебеттин тумбочкасы, штатив, тамак ичүүгө стол кирет.
Андан сырткары, рентген аппаратын - стационардык жана мобилдик, керебеттин мониторлорун, дефрибиляторлор, электрокардиографтар, УЗИ аппараттары жана башка медициналык жабдыктарды сатып алууга келишим түзүлдү.
Келишимдер 9 компания менен түзүлгөн.