Министр Базарбаев Египетте Социалдык өнүктүрүү боюнча конференцияга катышты

07.06.2023, 14:22 Акчабар
Министр Базарбаев Египетте Социалдык өнүктүрүү боюнча конференцияга катышты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Египеттин Каир шаарында 5-6-июнда өткөн Социалдык өнүктүрүү боюнча министрлердин экинчи конференциясына катышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 

Конференцияга Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин социалдык өнүгүүсүнө жооптуу министрлер, уюмдун тиешелүү органдары менен мекемелеринин өкүлдөрү, ошондой эле көптөгөн эл аралык жана аймактык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Анда балдарга карата зомбулукка каршы күрөшүү, балдар эмгегинин көйгөйлөрүн чечүү, нике жана үй-бүлө институтунун укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, улгайган адамдарды жана майыптыгы бар адамдарды багуу жана социалдык жактан камсыз кылуу жана алардын социалдык интеграциясын камсыз кылуу жаатындагы маселелер каралды.  

Конференцияда Кудайберген Базарбаев социалдык өнүктүрүү жаатында аткарылып жаткан иштерди белгиледи. Анда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо, жарандардын айрым категорияларына жөлөкпулдар көтөрүлгөнүн айтты. 

“Өткөн жылдан бери өлкөдө мамлекет башчынын демилгеси менен үй-бүлөлөрдү ишкердикке тартууга багытталган “Социалдык келишим” долбоору ишке ашырылууда. Өлкөдө калкты социалдык жактан коргоону жакшыртуу максатында саламаттыкты сактоо, билим берүү, пенсиялык камсыздоо системалары динамикалуу өнүгүп жатат”, – деди ал.

 

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу