Кыргызстанда бөйрөк алмаштырууга 7,5 миң доллар керектелет

02.11.2023, 16:40 Акчабар
Кыргызстанда бөйрөк алмаштырууга 7,5 миң доллар керектелет

Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу операциясы 7,5 миң доллар турат. Бул тууралуу Cаламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге таянып “Reporter.kg” маалымат агенттиги билдирди.

Анын айтымында, бөйрөк оорусу менен жабыркаган жарандар операция жасатууга кезекте турушат.

“Алар акчасын издеп жатышат. Бейтаптар гемодиализ үчүн бир жылга 10-12 миң доллар коротот экен. Андыктан эгер биз аларга каражат жагынан жардам берсек, өзүбүздө эле операция жасатып алышмак”, - деди министр.

Учурда Кыргызстанда гемодиализ алган 2600дөй бейтап бар. Ар бир бейтапка мамлекет орто эсеп менен бир сеанска 6,5 миң сомдон бөлөт. Жыл ичинде бюджеттен 2,5 млрд сом жумшалат.

Тэги: Гемодиализ бөйрөк саламаттык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу