2026-жылга чейин азык-түлүк коопсуздугу боюнча кемчиликтер минималдуу болот

31.05.2022, 12:03 Акчабар
2026-жылга чейин азык-түлүк коопсуздугу боюнча кемчиликтер минималдуу болот

Кыргызстан 2026-жылга чейин азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун негизги товарларына болгон ички керектөөнүн көбүн жабууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн жыйында Айыл чарба министрлигинин алдындагы өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн координациялык кеңешинин катчылыгынын жетекчиси Темирбек Ажыкулов билдирди.

Азык-түлүк коопсуздугу себетине буудай, кант, картошка, жашылчалар, мөмө-жемиштер, өсүмдүк майы, эт, сүт жана жумуртка кирет.

Алсак, Кыргызстан азыркы мезгилде калктын керектөөсүн үч позиция боюнча гана 100%дан ашык камсыздайт: картошка – 158,4%, жашылча – 209,4% жана сүт – 126%.

Өсүмдүк майы, кант, буудай, эт, ошондой эле мөмө-жемиштер менен камсыз кылуу жагынан республикада импортко көз карандылык байкалат.

Белгиленген планга ылайык, жакынкы төрт жылда Кыргызстандын калкын кант менен камсыз кылуунун деңгээли 100%, буудай - 140%, өсүмдүк майы - 55%, жумуртка - 65,2%, эт 98%, жашылча жана жемиштер 75%ка чейин жеткирилет.

Тэги: МИнсельхоз КР продовольственная безопасность дефицит продуктов

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу