Транспорт министрлиги автожол үчүн төлөмдүн бааларын айтты

27.11.2019, 11:50 Акчабар
Транспорт министрлиги автожол үчүн төлөмдүн бааларын айтты

Кыргызстанда 18 миң чакырым автожолду оңдоо үчүн бюджеттен каражат жетпей жатат. Автожолдорду жыл сайын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн 20 млрд доллар керектелет. Бирок, анын ичинен 3 млрд доллар  гана бюджеттен бөлүнөт. Бул каражаттын бир бөлүгүн өкмөт оор жук ташуучу автоунаалардан жана жүргүнчүлөрдөн чогултууну көздөйт. Бул тууралуу Өкмөттүн автожолго чогултулган каржататтардын убактылуу токтомунда жазылат. 

Транспорт министрлиги билдиргендей, автобус, чакан автобустар жана оор жүк ташуучу унаалар жыл сайын бюджетти 2 млрд долларга толтуруп турушат. Жеңил автоунаа айдоочулары бул мыйзамга туш келишпейт. Автожолго айдоочулар жана жүргүнчүлөр үчүн төлөм киргизүү менен, ишкерлерге кандай пайда түшө тургандыгын билдиришти: 

Жол жүрүүгө болгон убакытты 50% үнөмдөө; 

Жыл сайын күйүүчү майды 2.7 млрд сомго үнөмдөө; 

Айдоочулардын эмгек акысынан - 1.3 млрд сом (убакытты үнөмдөгөндө); 

Оңдоп-түзөөдөн - 1 млрд сом. 

Жол жүрүүнүн наркы автоунаанын салмагына жараша жана 1 чакырымга  алынат: 

1. автобус, чакан автобустар, жана уруксат берилген 5 тонна менен 8 жүргүнчүдөн жогору ташып бара жаткан автоунаалар, 1 чакырым жол үчүн  0.1 сом төлөшөт. 

2.3 тоннадан баштап, 12 тоннгаа чейин ашпаган оор жүк ташуучу авто унаалар 1 чакырым жолго 0.2 сом төлөшөт. 

3. 25 тоннадан ашпаган, оор жүк ташуучу авто унаа  3.4 сом төлөйт. 

4.25 тоннадан ашкан оор жүк ташуучу автоунаалар бир чакырым үчүн 7 сомдон төлөшөт. 

Пилоттук долбоорду иштеп чыккан Нурлан Кайымбаев билдиргендей, мыйзам кабыл алынгандан тарта, төлөм дароо ишке киргизилбейт. Бул үчүн жолдорго атайын тосмолор даярдалышы керек. Ал эми чоң айрылыш жолдорго эстакадалар орнотуларын билдирди.


 

 

 

 

Тэги: Минтранс автодорога

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу