Транспорт министрлиги жаңы атайын техникаларды алды

21.06.2023, 09:30 Акчабар
Транспорт министрлиги жаңы атайын техникаларды алды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 84 даана жаңы атайын техникаларды тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. 

Техникаларды салтанаттуу тапшыруу аземинде Бакыт Төрөбаев мамлекет башчынын тапшырмасы менен Министрлер кабинети жол тармагын өнүктүрүү, материалдык-техникалык базасын жаңылоо жана жакшыртуу максатында тиешелүү министрликке техникаларды алуу үчүн республикалык бюджеттен тийиштүү каражат бөлүнгөнүн билдирди. 

“Мындай техниканын ишке кириши биздин жолдорду, инфраструктураны жакшыртууга жана коопсуздукту жогорулатууга зор мүмкүнчүлүктөрдү берет. Алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн ушул техниканы натыйжалуу колдонууну жана ага аяр мамиле жасоо аркылуу туура иштешин камсыз кылуу зарыл”, - деди Төрөбаев. 

Ар бир чакырым жол адамдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачаарын белгилеген Бакыт Төрөбаев быйылкы жылы жол тармагында аткарыла турган айрым иштерди кошумчалады.

“Жол тармагынын динамикалуу өнүгүшүнө өзгөчө колдоо көрсөтүлүүдө. Ушул жылы тармактык долбоорлорду ишке ашырууга бюджеттен 6 млрд сомдон ашуун кражат каралды. Жылдын аягына чейин республика боюнча 855 чакырым жолду куруу жана оңдоо пландаштырылган, алар 587 чакырым – асфальт төшөө, 178 чакырым – жолду бодурлоо (ШПО) жана 90 чакырым шагыл иштери жүргүзүлөт”, - деди ал. 

Белгиленгендей, Кыргызстандын жол тармагына 669 даана техника сатып алынат. Анын ичинен бүгүн алгачкы 84 даана техника алынып келинди, жакынкы убакытта дагы калган техникалар алынып келинет. 

Алынып келинген техникалар заманбап автосамосвалдар, автогрейдерлер, автомиксерлер, суу ташуучу транспорттор, сүргүчтөр, битум ташуучу техникалар, бульдозерлер, погрузчиктер, экскаваторлор, тралдар, бензовоздор, асфальт төшөө жана башка техникалардан турат.

Тэги: экономика Минтранс Минтранс новости Кыргызстана спецтехника Бакыт Торобаев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу