«Алтынкен» ЖЧКсы саламаттык сактоо министрлигине гуманитардык жүк тапшырды

13.04.2020, 09:01 Акчабар
«Алтынкен» ЖЧКсы саламаттык сактоо министрлигине гуманитардык жүк тапшырды

Саламаттык сактоо министрлигине коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн «Алтынкен» ЖЧК алтын кен иштетүүчү ишканасынан гуманитардык жүк тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Иш-чарага вице-премьер-министр Аида Исмаилова, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, Кытайдын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь, «Алтынкен» ЖЧКсынын жана «Кыргызалтын» ААКнын жетекчилиги катышты.

Гуманитардык жардам иретинде 5000 даана медициналык көз айнек, 25 000 жуп кол кап, 10 000 комплект коргонуу кийимдери, 100 даана портативдик термометр, 50 даана портативдик тепловизор берилди.

«Бүгүнкү күнү Кыргызстандын саламаттык сактоо системасы өздүк коргонуу каражаттарына муктаж, алар алдынкы катарда ооруга кабылган жарандардын жанында түздөн-түз жүрүшөт. 200 миң АКШ доллары суммасына Саламаттык сактоо министрлигине медициналык көз айнектер, кол каптар, коргонуу кийимдери, ошондой эле термометр жана тепловизор түрүндө көрсөтүлгөн жардам өз убагында болду. Биз терең ыраазычылык билдиребиз. Өкмөт «Алтынкен» ЖЧКсынын өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кошкон активдүү салымын жогору баалайт», - деди вице-премьер-министр.

Ал элчи Ду Дэвэнге гуманитардык жүктөрдү жеткирүү маселелерин чечүүдөгү жеке жана жигердүү катышуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Кытай элчиси өз кезегинде кытай тарап коронавирус инфекциясы менен биргелешип күрөшүүдө көмөк жана колдоо көрсөтүп турарын белгиледи.

 

 
 

Тэги: гумпомощь Китай Алтынкен коронавирус

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу