Ушул жылдын июль айында сүт азыктарына дүйнөлүк баа 2022-жылдын июль айынын деңгээлинен 20,6% төмөн болду. Бул тууралуу БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму билдирди.
"Дүйнөлүк сырдын баасы туруктуу төмөндөөдөн кийин, ысык аба ырайынан улам Европада сүт берүүнүн сезондук кыскарышынан улам бир аз жогорулады", - деп айтылат маалыматта.
Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун маалыматына ылайык, 2023-жылдын июль айында өткөн айга салыштырмалуу сүт азыктарынын баасы 0,4%га төмөндөгөн.