Кантка болгон индекстин көлөмү 2020-жылдын декабрь айына салыштырмалуу 8.1% жогорулады. Бул импорттук талаптын жогору жана Европа биримдигиндеги түшүмдүн төмөн болгондугуна байланыштуу. Бул туралуу БУУнун документтеринде айтылат.
Сүт азыктарына болгон индекстин көлөмү, Жаңы Жыл алдында Кытай тараптан талаптын өскөндүгүнө байланыштуу 1.6% жогорулаган.
Эт азыктары 1% өскөн. Бразилияда канаттуулардын этине болгон талап, жогору болгон. Мындан тышкары, Европанын бир катар өлкөлөрүнөн өндүрүшкө жана экспортко коюлган чектөөлөр куш тумоосунун чыгышына байланыштуу болгон.
Дүйнөлүк баа 4.3% өстү. Мындай баа 2014-жылдын июль айынан бери каттала элек болчу.