QIWI менен «Мобильник» көйгөйлөрү менен акционерлери бир

04.03.2019, 15:42 Акчабар
QIWI менен «Мобильник» көйгөйлөрү менен акционерлери бир

Юридикалык жактан  QIWI менен «Мобильник»  эки башка система.  Бирок, эки команиянын ээлери бирөө эле. Бул тууралуу «Акчабарга» Кыргызстандын   төлөм системасы  Ассоциациясын  президенти   Руслан Алишев билдирди. 

Анын айтымында,  «Мобильникте» үлүшкө ээ казахстандык комания, бир эле убакта  QIWI акцияларына ээлик кылат. Адилет Боотаев болсо, эки компаниянын акционерлерине кирет. .

« Эки жакта тең эсептер арестке алынды. Анткени, уюштуучулардын бири анын укугу тебеленип, дивиденти көптөн бери албай жатканы боюнча  даттанып кайрылган. Соттун өкүму чыгып, анын негизинде эсепттер аретке алынган» — деп түшүндурдү Алишев.

Анын пикиринде төлөм системасындагы ири  эки оюнчунун чыр-чатагы бул тармакка жалпысынан таасир этпейт. 

«Элдер ишенбей калат деп ойлобойм.  Мобилдик капчыктар ар кандай: уюлдук операторлордо,  банктарда бар. Демек, элде тандоо бар. Ал эми  «Мобильником» менен QIWI кырдаалында карсак, жөнгө салуучу (Улуттук банк -редакция) убагында реакция жасап, электрондук капчык менен колдонгондорду коргоп калды. Ошондуктан, Улуттук банк кырдаалды  башкарып турат» —деп белгиледи Алишев.

Тэги: Qiwi Мобильник

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу