Salyk.kg мобилдик тиркемесин колдонууга берилгенден тартып 34 миңден ашык колдонуучу жүктөгөн. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти.
Анын ичинен тиркемени 22 миңден ашык колдонуучу Android жана 12 миңден ашыгы iOS операциялык системалардын башкаруусунда иштеген мобилдик түзүлүштөргө жүктөшкөн.
Эскерте кетсек, 2023-жылдын аягында салык кызматы Cabinet.salyk.kg.деги "жеке кабинеттин" мобилдик версиясы Salyk.kg тиркемесин ишке киргизген.
Колдонуучулар тиркемеге "жеке кабинеттин" веб-версиясында колдонулган логин жана сыр сөз менен же бирдиктүү идентификация системасы (БИС) аркылуу кире алышат.
Тиркеменин жардамы менен колдонуучулар төмөнкү кызматтарды онлайн режиминде колдоно алышат: