Монополияга каршы күрөшүү кызматы Ош базарындагы эттин баасын текшерди

31.03.2023, 14:16 Акчабар
Монополияга каршы күрөшүү кызматы Ош базарындагы эттин баасын текшерди

Монополияга каршы күрөшүү кызматы Ош базарындагы эттин дүң жана чекене баасына мониторинг жүргүздү. Текшерүү учурунда базарга эт Чүй жана Нарын облустарынан жеткирилери белгиленген. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Тактап айтканда, Ош базарынын эт павильонунда, андан ары дүң жана чекене түрдө сатылат.

“Учурда Ош базарында уй этинин дүң баасы 1 кг 500 сом, ал эми  чекене баасы 580 сом болууда. Ал эми кой этинин дүң баасы 480 сом, чекене баасы 540 сом болууда”, - деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле, Монополияга каршы кызмат департаментинин кызматкерлери тарабынан дүң жана чекене соода менен алектенген ишкерлер жана жеткирүүчүлөр арасында эттин баасынын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 

Мындан тышкары, ишкерлерге жана жеткирүүчүлөргө Кыргызстандын “Атаандаштык жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” жана “Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо жөнүндө" мыйзамдарынын талаптарын сактоо маселелери боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Эттин баасына мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн иши улантылары белгиленди. 

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу