Кечээ, 24-майда “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАК менен Монголиянын банкынын ортосунда меморандумга кол коюлду. Анын негизги максаты өлкөлөрдүн каржы секторун санариптик трансформациялоо үчүн бизнес кызматташууну түзүү.
Бул меморандумдун алкагында:
Монголиянын банкы менен өнөктөштүк санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот. Ал эми тажрыйба алмашуу Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүүгө жана “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАКтын төлөмдөрдү көбөйтүү боюнча милдеттерин натыйжалуу ишке ашырууга, эки тараптын улуттук төлөм карталарын көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.